Жаңылыктар - Азаттык үналгысы

ЭЕ/АҮ

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

All Episodes

Баткенде өмүр бою соттолгон эки жарандын жазасы өзгөртүлүп, 20 жылга кесилди. Сокулуктун аксакалдар соту өспүрүм кызды зордуктоого шектүү “айылдан көчүп кетсин” деген чечим чыгарды. Вашингтон Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялады.

Dec 7

17 min 4 sec

Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасына кол менен саналган бюллетендердин 99,96% киргизилди. Салык кызматы саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин киреше, чыгашалары жана мүлкү тууралуу маалыматтарды жарыялады. Нур-Султанда казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эки мамлекеттин соода-сатыгын беш миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты.

Dec 6

17 min 40 sec

Кыргызстан менен Тажикстандын эки облус башчылары чек арадагы соңку кырдаалды талкуулашты. Эки күн мурда аймакта кайрадан чыр чыгып, ок атылган эле. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу учурунда ошол жерде болгонун айткандардын айрымдары бүгүн партиянын кеңсесине барып, саясатчыдан кечирим сурашты. Германияны 16 жыл башкарган канцлер Ангела Меркел саясий сахнадан кетти. Континенттеги башкы глобалист, Евробиримдиктин лидери Меркел тарыхта татыктуу лидер катары калары айтылууда.

Dec 3

23 min 1 sec

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал: 2-декабрга караган түнү Көк-Таш айылында эки тараптуу сүйлөшүү өттү. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууну милиция “Тоноо” беренеси менен тергей баштады. Ооганстан менен Иран чектешкен жерде талибдер менен ирандык чек арачылар кагылышты.

Dec 2

21 min 16 sec

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылар БШК алдына акцияга чыгышты. Шайлоо бюллетендерин колго саноо аяктады. Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду, милиция окуяны иликтей баштады. Жогорку Кеңеште депутаттар Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана Бакытбек Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратуу маселеси боюнча комиссия түзүлдү.

Dec 1

18 min 20 sec

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон "Ата Мекен", "Азаттык" баштаган партиялар бийликтен добуш берүүнү кайра өткөрүүнү талап кылууда. Таласта добуш берүүнүн жыйынтыгынан күмөн санаган шайлоочулар нааразылык акциясына чыгышты. Лионель Месси жетинчи жолу "Алтын топ" алды.

Nov 30

22 min 31 sec

Нуржан Шайлдабекова шайлоого нааразы болуп митингге чыккан партиялардын өкүлдөрүнөн кечирим сурады. Алдын ала чыккан маалыматтар боюнча Жогорку Кеңешке 6-чакырылыштын 19 депутаты кайра шайланмакчы. Коронавирустун "Омикрон" деген жаңы түрү тездик менен жайылып баратат. Андан чочулаган айрым мамлекеттер чек арасын жапты.

Nov 29

29 min 30 sec

Коопсуздук кеңешинде мамлекеттик ишканалардагы коррупциялык иштер талкууланды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну максат кылган деген шек менен 15тен ашык адамды кармады. Тажикстандын Хорог шаарындагы тополоңдо үч адам набыт кетип, онго жакын демонстрант ар кандай жаракат алды.

Nov 26

20 min 50 sec

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кени 100 пайыз Кыргызстанга өтүп, талашка чекит коюлганын билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кумтөргө байланыштуу айыпталып жатышкан Асылбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев, Данияр Нарымбаев жана Төрөбай Зулпукаровду 30-январга чейин камакта калтырды. Алматыда 69 жашка караган курагында акын, диссидент Арон Атабек дүйнө салды.

Nov 25

17 min 1 sec

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, Европада мартка чейин коронавирустан дагы 700 миң кишинин өмүрү кыйылышы ыктымал. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Улуттук банк 23-ноябрда жыл башынан бери эң чоң интервенция жасап, өлкөнүн валюта рыногуна 70,3 миллион доллар сатты.

Nov 24

14 min 27 sec

Болгарияда автобус кырсыктап, кеминде 45 адам каза болду. Жабык жайлардагы коррупциялык иштерди жана кыйноо фактыларын айтып чыккан Акжол Раимбердиев жумуштан алынганын билдирди. Бишкекте жол оңдоого бюджеттен бөлүнгөн акчанын 360 миллион сому уурдалганы аныкталды.

Nov 23

17 min 58 sec

Президент Садыр Жапаров Сокулуктагы «Ак-Ордо-3» конушунун тургундарына «кызыл китептер» 2022-жылдын май айына чейин берилерин айтты. Москвада «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тарапташтары кармалып, полиция аларга уруксат берилбеген акция уюштурду деген айып койду. АКШда майрамдык парадга чыккандарды машине сүзүп, беш киши каза болду.

Nov 22

18 min 28 sec

Добуш сатып алуу фактысы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоодон четтетилди. Президент Садыр Жапаров "чыккынчылар кайсы убакта болбосун шайлоодон кийин жоопко тартыла турганын" билдирди. Германия Беларус-Польша чек арасындагы мигранттарды кабыл албайт.

Nov 19

18 min 12 sec

Энергетикалык кризистин кесепеттери сезиле баштады. БШК депутаттыкка талапкер Камчыбек Жолдошбаевди шайлоодон четтетти. БУУ "оогандардын 60% ачарчылыкка кабылышы ыктымал" деп эскертти.

Nov 18

19 min 54 sec

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев Коопсуздук комитетинде суракка алынды. Бишкекте бир кампада көмүр 3 миң сомдон сатыла баштады. Беларус-Польша чек арасында эки миңдей мигрант тосмону бузууга аракет кылды.

Nov 16

18 min 54 sec

Кыргызстанда 50гө жакын менчик чакан гидроэлектрстанцияларын курууга күбөлүк берилди. Үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузган 128 факты катталды. Беларус менен Польшанын чек арасында турган мигранттардын ичинен сегиз киши каза болду.

Nov 15

20 min 40 sec

Тажикстандын күч кызматкерлери кармап кеткен Саидакмат Артыковдун жакындары бүгүн Бишкекке келип, Өкмөт үйүнүн алдында акция өткөрүштү. УКМК Түркиядан "Байрактар" учактарын сатып алат. Кытайдын Компартиясы Си Цзиньпиндин бийлигин күчөткөн резолюция кабыл алды.

Nov 12

19 min 25 sec

Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматтан алынды, окутуучулар Кудайберди Кожобековду коргоп акцияга чыкты. Жеңилгендер жеңгендерди куттуктоого милдеттүү. Польша-Беларус чек арасында кырдаал курчуду.

Nov 10

17 min 28 sec

Бишкекте Европа Биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттеринин экономикалык форуму өттү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Тажикстандын жарандары Кыргызстанга үчүнчү өлкө аркылуу кире албай турганын билдирди. Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясы уланып жатканына тогуз айдын жүзү болду.

Nov 5

19 min 34 sec

Кыргызстан Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбайт, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл. Кыргызстандын элчилиги Москвада полициянын зомбулугуна кабылган мигранттын иши боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Украина менен Орусияда коронавирустун бир күндүк көрсөткүчү эң жогорку чекке жетти.

Nov 5

19 min 31 sec

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициялык саясатчы, парламенттик шайлоодо талапкер Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда бир литр бензиндин баасы 75-77 сомго чыкты. "Фейсбук" социалдык тармагы кишинин жүзүн сүрөт жана видеодон дароо тааныган технологиядан баш тартууну чечти.

Nov 3

16 min 39 sec

Шотландиянын Глазго шаарында өтүп жаткан климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитинин биринчи күнүндө дүйнөдөгү 100 мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү жасашты. Саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кайрылуу жасап, көмүрдөн баш тартып, кубатты гидробулактардан алууга өтүү ниетин билдирди. Жогорку сот Талант Мамытовдун талапкерлигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын арызын артка кайтарды. Октябрь окуялары боюнча абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов жубайынын жана 11 жаштагы кызынын телефону тыңшоого алынганын билдирди.

Nov 2

22 min 11 sec

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылды. Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери абакта отурган Жеңиш Молдокматовду көрүп чыкты. Шотландиянын Глазго шаарында Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйыны башталды.

Nov 1

15 min 55 sec

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу Жалал-Абад округунан шайлоого аттанган Шайырбек Ташиевге эскертүү берди. Грузиянын бийлиги экс-президент Михаил Саакашвилини түрмөдөн ооруканага которуудан баш тартты.

Oct 29

19 min 37 sec

Борбордук шайлоо комиссиясы коррупцияга шектелип соттолгон мурдагы бажычы Нурлан Ражабалиевди бир мандаттуу округдан талапкер катары каттады. Бишкекте 8-кабаттан боюн таштап каза болгон Мунарбек Ташкуловдун жакындары "аны сактап калууга чара көргөн жок" деп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айыптап чыкты. Казакстандын Алматы облусунун көп улуттар жашаган Пенжим айылындагы балдар мушташып, аягы баш аламандыкка айланды.

Oct 28

21 min 48 sec

Жогорку Кеңеш 2022-жылга карата Министрлер кабинети сунуштаган бюджеттин долбоорун биринчи окууда жактырды. Кыргызстанда жыл башынан бери адам сатуу боюнча 8 факты расмий катталды. Оогандык казактар Казакстандан жардам сурап кайрылды.

Oct 27

20 min 8 sec

Ирактагы атайын лагерлерден мекенине кайтарылган балдар бакчага жана мектепке бара баштады. Бишкекте жана Чүйдө тамакка ууланып, эки күндөн бери дарыгерлерге кайрылгандар 179га жетти. Украинада эпидемиологиялык абал курчуп баратат.

Oct 26

19 min 45 sec

Борбордук шайлоо комиссиясы "Ынтымак" партиясы менен парламенттик шайлоого бараткан парламент төрагасы Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты. "Империя пиццы" кафесинен тамак жеп уулангандардын саны 120га жакындады.  Өзбекстандагы президенттик шайлоодо күтүлгөндөй эле Шавкат Мирзиёев жеңип чыкты.

Oct 25

21 min 22 sec

Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 43 мамлекет Кытайдын Шинжаңдагы саясатын айыптаган декларация кабыл алды. Кыргызстанда сасык тумоо күчөгөнү коронавирустун да көрсөткүчтөрү жогорулоодо. Бийлик Кыргызстанда билим алган тажикстандык студенттерге өлкөгө кирүүгө уруксат берди.

Oct 22

20 min 45 sec

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Кыргызстан алдыдагы парламенттик шайлоону дүйнө таң калгыдай таза өткөрүшү керек" деген тапшырма алышты. АКШнын бир жылдан бери "Твиттер" менен "Фейсбукта" аккаунту блоктолуп турган мурдагы президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык түйүнүнүн тиркемесин Жаңы жылда ишке киргизерин жарыялады. Кыргызстанда бензин ноябрдан тартып 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Мындай жоромолун “Азаттыкка” өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Oct 21

19 min 3 sec

- Өкмөттүн Бишкек жылуулук электр борборун тейлөөнү чет мамлекетте катталган жеке менчик компанияга берүү планы кызуу талкуу жаратты. Президенттик аппарат атайын билдирүү менен чыкты. "Талибан" кыймылынын делегациясы Москвага барды. "Фейсбуктун" аталышы жакын арада өзгөрүшү мүмкүн.

Oct 20

18 min 33 sec

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 11 жыл чегерген сот өкүмү кайрадан күчүнө кирди. Мындай өкүм ага "Батукаев иши" боюнча чыккан. Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад кызматтан кетти. Быйыл жазында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга байланыштуу 527 материал иликтенип жатат.

Oct 19

19 min 56 sec

2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык окуялары боюнча козголгон иш сотто карала баштады. Орусияда COVID-19га чалдыккандардын саны беш күн катары менен эң жогорку чегин көрсөтүүдө. Өзбекстандын Баткен облусунун ичинде жайгашкан Сох анклавында жаңы аэропорттун курулушу аяктады.

Oct 18

17 min 38 sec

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда, өз арызы менен кызматтан кеткенине бир жыл болду. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ал ортодо Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намаз маалында жардыруу болду.

Oct 15

18 min 1 sec

"Кумтөр иши" боюнча айыпталган мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев кайра камалды. Парламенттин трибунасында экс-бажычы Райымбек Матраимовду жактаган депутаттардын билдирүүсү талкууга түштү. Тайванда 13 кабаттуу турак жайда чыккан өрт 50гө жакын кишинин өмүрүн алды, дагы 60тайы ооруканага жеткирилди.

Oct 14

21 min 28 sec

Жогорку Кеңеш Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-ашка ууланган 70тей тургун ооруканага кайрылды. АКШнын Жогорку соту Бостондогу теракт боюнча айыпталган, Кыргызстанда туулган Жохар Царнаевге чыккан өлүм жазасын калыбына келтирүү маселесин караганы жатат.

Oct 13

17 min 52 sec

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматтан кетип, ордуна анын орун басары Акылбек Жапаров дайындалды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендердин саны 230га чукулдады.

Oct 12

23 min 26 sec

Жер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келишти. Шайлоого катышуу үчүн арыз берген 75 партиянын он чактысы тизмесин бекитишти. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 249 ооган студентине виза бере турган болду.

Oct 11

17 min 53 sec

- "Октябрь окуяларына" байланыштуу соттук ишти кароо башталды. Анын алкагында экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-министр Курсан Асанов, саясатчы Жеңиш Молдокматов жана башкалар айыпталууда. - Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар тарых жаратууда. Өзгөчө балбан кыздардын ийгилигин жалпы журт баалап жатат. 5 күндө кыргыз балбандары 5 медаль - 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло утушту. - Нобелдин Тынчтык сыйлыгы быйыл орусиялык «Новая газета» басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага ыйгарылды. Бул аларга «сөз эркиндигин коргоого кошкон аракети үчүн» тапшырылды.

Oct 8

18 min 35 sec

- Европа Биримдигинин ырасмий делегациясы бул күндөрү Борбор Азияда жүрөт. Шаршембиде Алматыда "Евробиримдик - Борбор Азия" деген аталышта форум өттү. - Аксыда кен казганы жаткан кытайлык “Ориел Голд” компаниясына байланыштуу нааразылык чыкты. Жергиликтүү айрым тургундар суу булганат деген тынчсыздануусун айтышууда. - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топ деген түшүнүк болбошу керектигин билдирди.

Oct 7

18 min 17 sec

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтүнүн Кумтөр кенинде мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузган деген дооматтарын четке кагып, бийликти сындаган билдирүү таратты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы Баткен облусунда аткезчилик фактыларын аныктады. Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар бир алтын, бир күмүш жана бир коло медаль утушту.

Oct 6

18 min 1 sec

2020-жылдагы Октябрь окуяларына бир жыл толду. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызын жазды. Грузияда абакта ачкачылык кармаган мурдагы президент Михаил Саакашвили өзүн "Путиндин туткунумун" деп атады.

Oct 5

18 min 49 sec

Журналисттер коомчулугу бүгүн президент Садыр Жапаровго кайрылып, медиа тармагын тескеген мыйзамдарды азырынча өзгөртпөй турууга чакырышты. Чет өлкөлөрдө жашаган ондогон түркмөнстандыктар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигине каршы митингдердин кезектеги айлампасын башташты. Бишкекте балалуу энени кол арабасы менен албай кеткен кичи автобустун айдоочусу иштен айдалды. Шоопурдун өзү көчөдө калган энеден жана элден кечирим сурады.

Sep 30

16 min 22 sec

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду "өз каалоосу менен кызматтан алуу" боюнча документ парламенттин тийиштүү комитетине келип түшкөнү маалым болду. Бишкекте жол кире кымбаттады. Депутаттардын чечими менен эми автобус-троллейбустардын жол киреси 11 сом, ал эми кичи автобустардыкы 15 сомго көтөрүлдү. Ооганстандан качкандарды талибдер Тажикстандын аймагына өткөрбөй жатат, баш паанек издегендердин көбү этностук тажиктер экени белгилүү болду.

Sep 28

18 min 5 sec

Кыргызстандын президенттик администрациясы Ооганстанга барган делегация гуманитардык жардам жеткиргенин маалымдады. "Кумтөр ишине" байланыштуу кармалган саясатчылар Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, Жоомарт Оторбаевдин жана Темир Сариевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Талибан" кыймылын бардык улуттардын өкүлдөрүн камтыган өкмөт түзүүгө чакырды.

Sep 24

20 min 27 sec

- Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков "Талибан" уюму түзгөн ооган өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту. Азырынча жолугушууда эмне маселе талкууланганы айтыла элек. - Мамлекеттик бажы кызматы Кытайга чыгарылган алтын концентраты мыйзамдуу жол менен кеткенин маалымдады. Депутат 17 фура концентрант аткезчилик жол менен чыгарылып кеткенин айтып чыккан эле. - 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленди. Өлкөдө иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн деңгээлин аныктоочу автоматтык система киргени турат.

Sep 23

18 min 10 sec

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында кайрылуу жасап, дүйнөдөгү окуяларга Кыргызстандын позициясын жарыялады. Аткезчиликке шектелип кармалган 17 фура алтын концентраты Кыргызстандан Кытайга чыгарылып кеткени маалым болду. Иран дүйнө державалары менен 2015-жылкы өзөктүк келишимди жандандырууга кызыкдарлыгын билдирди.

Sep 22

19 min 19 sec

Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну 8,5 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноодо коңшу мамлекеттин жарандарына жардам берген деп айыпталышкан. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков чет жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Ал "300 миң доллар алды" деп айыпталып жаткан экс-депутаттын ишинин алкагында кармалган эле. Жакындары Шинжаңда камакта отурган казактар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Нааразылык акциясына чыккандар консулдуктун маңдайына чатыр тигүүгө аракеттеништи.

Sep 21

21 min 14 sec

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы "Кыргызалтын" ишканасынын аккредитациясын токтотту. Экс-депутат Кубанычбек Нурматов алдамчылыкка шектелип кармалды. Орусиянын Пермь мамлекеттик университетиндеги атышууда алты киши каза болду.

Sep 20

18 min 26 sec

- Шанхай кызматташтык уюмунун күн тартибинде башкы маселе - Ооганстандагы кырдаал болду. - "Центерра" жана "Кумтөр Голд" ишканасынын жетекчилерине сыртынан кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. - Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана жакындары анын Кой-Таш айылындагы үйүнө чогулду.

Sep 17

17 min 30 sec