Азыркы кыргызстандык - Азаттык үналгысы

ЭЕ/АҮ

Бир канча тил, технологияны билген кыз-жигит. Өз мекени үчүн кайдыгер эмес замандаш.

All Episodes

«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы кыргызстандык балбан, жакында эле Сербияда өткөн эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону наамына татыган Эрназар Акматалиев.

Nov 9

11 min 33 sec

Чет жактагы журтташтардын арасында балдарга кыргыз тилин үйрөтүү маселеси көйгөйгө айланып келет. Бермет Америкада төрөлүп, чоңоюп жатканына карабастан кыргыз тилинде так сүйлөп, акындардын ырларын жатка билет. Анын атасы Бакыт Абдишов балдарына эне тилин үйрөтүүнүн сырлары менен бөлүштү.

Sep 21

17 min 8 sec

«Азыркы кыргызстандык» подкастынын кезектеги каарманы Стамбул университетинин докторанты, ветврач Жаңылбүбү Маматова.

Jul 2

16 min 13 sec

"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бул жолку коногу АКШдагы кыргызстандыктардын диаспорасынын лидерлеринин бири Бакай Оморов.

Jun 15

12 min 59 sec

Азаттыктын «Азыркы кыргызстандык» рубрикасынын бул жолку каарманы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Salt peanuts» жаз тобунун негиздөөчүсү Бакыт Кыдыкбаев.

May 27

19 min 11 sec

Бул жолку каарманыбыз өзбек улутундагы кыргызстандык жазуучу Бегижан Ахмедов. Венера Сагындык кызы жазуучу менен анын "Дербиш" деп аталган китеби тууралуу маектешти.

Mar 25

18 min 2 sec

«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бүгүнкү каарманы Баткендин Өзбекстан менен чек аралаш аймагында жашаган блогер Айпери Ганыжан.

Feb 16

11 min 52 sec

“Азыркы кыргызстандык” подкастынын бул жолку каарманы америкалык “Palantir” IT компаниясына жакында эле ишке кирген программист Азрет Кенжалиев. Ал жаңы жумушу, алдыдагы кыялдары, ислам динине болгон мамилеси тууралуу ой бөлүштү.

Jan 27

10 min 18 sec

«Азыркы кыргызстандык» подкастынын бул жолку каарманы ырчы, маданияттын мыкты кызматкери Султан Садыралиев. Ал чыгармачылык, Кыргызстандагы соңку окуялар жана келечекке карата үмүттөрү тууралуу ой бөлүштү.

Jan 2

13 min 19 sec

"Азыркы кыргызстандык" подкастынын бул жолку коногу Көзү азиздер федерациясынын негиздөөчүсү Гүлназ Жүзбаева. Жүзбаева быйыл "Би-би-си" дүйнөлүк кызматы аныктаган дүйнөдөгү 100 таасирдүү аялдын тизмесине кирди. Ал жашоосу тууралуу айтып берип, Кыргызстандагы окуяларга болгон көз карашы менен бөлүштү.

Dec 2020

15 min 25 sec