Ачык Time - Азаттык үналгысы

ЭЕ/АҮ

Коомдук, социалдык, маданий темаларга арналган ачык талкуулар жана маектер үчүн аянтча.

All Episodes

Кызыл-Кыядагы ооруканада медицина кызматкерлеринин шалаакылыгы менен баласына ВИЧ жугуп калган Анара башына түшкөн оор күндөр, ВИЧ менен жашаган кишилерге коомдогу мамиле жана келечектен күткөн үмүтү жөнүндө подкаст жаздыра баштады. "Азаттык" Анаранын "Личность-ВИЧность" деп аталган аудиоблогун угармандарга жеткирүүгө жардам берет. Биринчи эпизоддо дискриминация жөнүндө сөз болот.

Dec 2

13 min 29 sec

Түштүк Кореянын "Кальмар оюну" сериалын бир катар Батыш өлкөлөрү балдарга көрсөтүүгө тыюу салды. Адистер аны жаш аң-сезимге терс таасир эте турганын жүйө келтиришүүдө. Дүйнөдө популярдуу болуп кеткен бул тасманы Кыргызстанда да көргөндөр арбын.

Nov 16

32 min 16 sec

Элди бөлүп-жарган, адамды басмырлаган, жаңжалга түрткөн сөздөр социалдык желедеги түрдүү посттордо же комментарийлерде гана эмес, макала-баяндарда да кездешип калат. "АчыкTime" подкастында “Кастык тили” жана анын кесепетин талкуулайбыз.

Nov 7

17 min 27 sec

"Ачык Time" подкастында Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин менен маектешебиз. Ал эмне үчүн Кыргызстанда футбол өнүкпөй жатканын, машыктыруучунун жоопкерчилиги тууралуу пикирин ортого салды.

Nov 2

21 min 23 sec

Республикалык наркология борборунда 8,5 миңден ашуун киши расмий каттоодо турат. Бейрасмий сандар боюнча 25 миңден ашат. Акыркы учурда героин кымбаттап, туз, синтетикалык маңзат колдонгондор көбөйүүдө. "Ачык Time" подкастында маңзаттан арылтуучу метадон терапиясы тууралуу сөз кылабыз.

Oct 9

11 min 38 sec

Кыргызстанда бир жылда 160 миң аял төрөйт. Алардын 16 миңи жылына эки жолу балалуу болушат. Расмий эсепте өлкөдө жыл сайын 20 миңден ашуун аборт жасалат. Кыргызстанда 1 миллион 200 миңдей төрөт жашындагы аял бар. 26-сентябрь - бүткүл дүйнөлүк бойго бүтүрбөөчү каражаттар күнү. Кыргыз тукум улоочу саламаттык боюнча альянстын жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева менен ушул темада маектешебиз.

Sep 25

11 min 35 sec

Жарандык активист, акын Сарвар Турдибоевдин "Жакшы адамдар" аттуу китеби чыкты. Автор "АчыкTime" подкастында чыгармалары, жарандык лирика жана кыргыз-тажик чек арасындагы абал жөнүндө ой бөлүштү.

Sep 23

38 min 49 sec

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир трансгендер уулунун жашоосун чагылдырган “Адам+” деген повесть жазды. 3710 нускадагы китеп 15-сентябрда окурмандарга тартууланды. Бул эмгек - ушул темада жазылган кыргыз адабиятындагы алгачкы көркөм чыгарма. Автор жана чыгарманын негизги каарманы - Алик “АчыкTime” подкастында ой бөлүшүштү.

Sep 14

26 min 35 sec

Эмнеге айыл жергесинде контрацепциялык каражаттар тууралуу кеңири маалымат жок? Деги Кыргызстанда үй-бүлөнү пландоодо заманбап ыкмалар колдонулабы? Бактыгүл Чыныбаеванын "Сергек жашоо" түрмөгү ушул темага арналды. Аны "АчыкTime" подкастына чыгардык.

Sep 7

8 min 32 sec

"Вебкам десе эле, анда иштегендерге карата дароо терс ой жаралат. Коомчулук менталитетке туура келбеген аракетти бир беткей сындаганга маш. Салмактап карап көрүүнүн ордуна, тытып жеп салабыз... Вебкамда кыздар гана эмес, жигиттер да иштешет". Вебкам студияларга байланыштуу журналисттик иликтөө канчалаган талкаланган тагдырлар бар экенин көрсөттү. Долбоордун автору Уланбек Асаналиев #АчыкTime подкастында эмгеги тууралуу айтып берди.

Jul 29

16 min 18 sec

Тун наристесин кайын журту багып алган эненин абалы кандай болот? Бул маселеде илимий изилдөө жүргүзгөн психолог Жибек Кенжебаева "АчыкTime" подкастына маек курду. Суроолорду Нурболот Азамат узатты.

Jun 28

21 min 16 sec

"Бир туугандарымдын бала кезден көрүүсү начар. Айылыбызда адистешкен мектеп жок болгондуктан, билим ала алышкан эмес. Сабатын үйдө чыгарышкан. Алардын түйшүгүн жашым 40ка жеткенде түшүнүп отурам..." Журналист Санжар Эралиев бир туугандарын "Ачык Time" подкастына конокко чакырды.

Jun 16

15 min 33 sec

"Ачык Time" подкастынын коногу - психолог-сексолог Жылдыз Асаева. Бул ирет жыныстык мамиледеги көйгөйлөргө талдоо жасайбыз.

May 18

36 min 19 sec

Кыргыз медиасында коомдун бүйүрүн кызыткан макалалары менен аты чыгып келаткан “ПолитКлиника” басылмасы иликтөөчү кыздар командасын түптөдү. Журналист айымдар ары кызыктуу, ары кооптуу иш жөнүндө "АчыкTime" подкастында айтып беришти.

May 2

30 min

Профессионалдык бокс боюнча (WBA версиясы) дүйнөнүн жети жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты - Орзубек Назаров спорттогу карьерасын баяндаган китеп жазды. “Кайрадан таймаш...” деп аталган китеп эки тилде жарык көрдү.

Apr 27

9 min 37 sec

"Ачык Time" подкастында эркектердин арасындагы тукумсуздук көйгөйүнө кайрылабыз. Уролог Нурбек Моңолов жигиттердин тукумсуздук маселесин талдап, жасалма уруктануу үчүн талаптар, Кыргызстандагы тажрыйба, каражат жөнүндө ой бөлүштү.

Apr 17

24 min 31 sec

Эл агартуунун мыктысы Миясар Расулова мугалимдин кадыры, өз ишине берилгендик жана коомдун билимге мамилеси тууралуу ой бөлүшөт.

Apr 8

14 min 36 sec

“АчыкTime” подкастынын коногу - блогер жана жарандык активист Эрулан Кокулов. Ал “Не сахар” долбоорунун келечеги, товар керектөөчүлөрдүн укугу жана мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги жөнүндө айтып берди. Маектешкен - Токтосун Шамбетов.

Apr 7

26 min 49 sec

"Ачык Time" подкастынын коногу - Бишкек шаардык кеңешинин спикери Жаныбек Абиров. Ал атасынын көмүр бизнеси, атасынын ишке таасири, шаардагы түтүн, маршруттук каттам көйгөйүн чечүүдө депутаттардын чабалдыгы, шаардык кеңештеги аялдардын орду, жерге мораторий ж.б. суроолорго жооп берди.

Mar 8

29 min 59 sec

Коомдук ишмер Назгүл Насиева бир канча жылдан бери кайрымдуулук иштерди жасап келүүдө. Ал "Азаттыктын" "Ачык Time" подкастында катышып, "бейрасмий соцкызматкерликтин" оош-кыйышын айтып берди.

Mar 6

32 min 14 sec

2021-жылы “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгы белгиленет. Төкмө акындардын эркиндикке, демократияга, агартуучулукка кошкон салымын талдайбыз. Талкууга коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, акын Мирлан Самыйкожо катышат. Алып баруучу - Венера Сагындык кызы.

Feb 16

45 min 30 sec

Орус тилдүүлөрдүн "киргиз" жана "Киргизия" деп сүйлөгөнү кээ бир кыргыздардын намысына тиет. "Ы" жана "И" тамгаларынын ортосундагы талаш 2021-жылдын февралында "Твиттерде" өзгөчө талкуу жараткандыктан, "Ачык Time" подкастын ушул темага арнадык.

Feb 15

28 min 21 sec

Уролог Нурбек Моңолов эркектер үчүн жыныстык тарбия берүүнүн мааниси жана психологиялык абалдын мырзалардын жыныстык саламаттыгына таасири жөнүндө ой бөлүштү.

Jan 29

19 min 8 sec

Тарых илимдеринин кандидаты Абдумиталип Мурзакметов бир канча жылдан бери кыргыздын уят жана сөгүнгөн сөздөрүн топтоп, талдап жүрөт. Илимпоз уят сөздөр да тилдин байлыгы деп эсепейт. Ал "Ачык Time" подкастында кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

Jan 16

14 min 56 sec

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салууну көздөп жатат. “АчыкTime” подкастында ушул маселени талкуулайбыз.

Jan 8

27 min 29 sec

Азиза Абдирасулова укук коргоочу болгонго чейин татаал тагдырды башынан өткөргөн. Ал Майлуу-Суудагы оор күндөр, тирилик үчүн таштандыдан темир-тезек издеген учурлары, айласыздан Бишкекке келип “Ош базарында” тамак саткан кездери, гезитке макала жазып жүрүп жарандык активисттер менен таанышканы, эки күнгө камалганы, соттолгону тууралуу сыр бөлүштү. Ошондой эле азыркы жашоосу, укук коргоочулук ишмердиги, өзү түптөгөн “Кылым шамы” уюмунун жетекчилигинен кеткенин айтып берди.

Jan 2

42 min 28 sec

2021-жылы дүйнөдө кандай чоң окуялар күтүлөт? Кандай тенденция, бурулуштар болушу мүмкүн? Пандемиядан чарчаган элдин жашоосу оңолобу? “21” деген сан сыйкырдуу, жакшы энергия ала келет дешет астрологдор. Анда ушул сыйкырдуу жылы эмнелер күтүлүп жатканын Венера Сагындык кызы менен талдайбыз.

Dec 2020

12 min 45 sec

"Азаттыктын" "Ачык Time" подкастын бул ирет кыздардын этек кир маселесине арнайбыз. Айыз келгенде колдонулган чүпүрөктөн тарта кымбат гигиеналык каражаттарга чейин кеп кылабыз. Айызга байланышкан көйгөйлөрдү ачык айтабыз.

Dec 2020

29 min 31 sec

"Ачык Time" подкастында эркектердин жыныстык саламаттыгын талкуулайбыз. Коногубуз - уролог, медицина илимдеринин кандидаты Нурбек Моңолов.

Dec 2020

30 min 21 sec

Гендердик тарбия деген эмне жана анын башаты кайда? Тең укуктуулукка жетүү үчүн үйдөгү тарбиянын, уул-кызга мамиленин ордун талдайбыз.

Dec 2020

29 min 4 sec